Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Өзбекстан мигранттардын балдарын өлкөгө алып келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өлкө жарандарынын чет өлкөдө кароосуз калган балдарын алып келет.

Бул эреже өзбек өкмөтү тарабынан 7-январда иштелип чыккан. Үч жашка чейинки балдар ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлигинин көмөгү менен алып келинмекчи.

Эгер баланын туулганы тууралуу күбөлүгү жок болсо, дипломатиялык өкүлчүлүктөр анын жарандыгын аныктоого жардамдашып, тийиштүү документтерди жасап берүүгө милдеттендирилди.

Өлкөгө алып келинген балдар жаш курагына жараша тийиштүү мекемелерге бөлүнөт. Алсак, үч жашка чейинкилер балдар үйүнө жайгаштырылса, калганы социалдык-укуктук жардам көрсөтүү борборлоруна өткөрүлөт. Ата-энелери же жакын туугандары табылган балдарды өз жакындарына өткөрүп беришет. (SDz)

XS
SM
MD
LG