Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Ханзаада Гарри менен аялы Меган падышалык титулунан ажыратылды


Гарри менен Меган Маркл.
Гарри менен Меган Маркл.

Британ ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган мындан ары өздөрүнүн падышалык үй-бүлө мүчөсү титулун колдоно алышпайт жана аларга мамлекеттик каражаттар берилбейт. Бул тууралуу Букингем сарайынын билдирүүсүндө кабарланды.

Гарри менен Меган канышанын расмий өкүлүнүн милдетин аркалай алышпайт жана аларга карата «Падыша даражалуу» («Королевское высочество») деген кайрылуу колдонулбайт.

Герцог жана герцогиня мунун алдында өздөрүнүн Виндзордогу үйүн оңдоого Улуу Британиянын бюджетинен жумшалган 2,4 миллион фунтту кайтарып беришерин билдиришти.

Ханзаада Гарри менен анын жубайы Меган падышалык үй-бүлө мүчөсүнүн макамынан баш тартышарын 8-январда жарыялашкан. Алар мындан аркы убактыларын Улуу Британия менен кошо Түндүк Америкага да арнашарын билдиришкен. Алар падышалык үй-бүлөгө каржы жагынан көз каранды болуп калбаш үчүн иштешерин, ошол эле учурда ханайымдын алдындагы милдеттерин аткара беришерин белгилешти. Жубайлар кайрымдуулук фондун түзүшөрүн маалымдашкан.

Британ канышасы Елизавета II тун уулунун экинчи баласы, ханзада Гарри менен жубайы Мегандын өз алдынча жашоону каалаганын колдоп, батасын берди. 13-январда каныша жакындары менен чукул кеңешме өткөрүп, ушундай чечимге келди.

Ханзаада Гарри менен америкалык мурдагы актриса Меган Маркл 2018-жылдын 19-майында баш кошкон. Үйлөнгөндөн кийин алар Сассек герцогдору деп аталышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG