Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 00:47

Бишкекте автокырсыктан улам үч адам өлдү


Кыргызстандагы кырсыктардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө микроавтобус менен жеңил автоунаа кагышып, үч киши мерт болду. Бул тууралуу маалыматты баш калаанын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ырастады.

Окуя 18-январдын кечинде Элебесов көчөсүндө болгон. Кичиавтобус «Mitsubishi» жана жеңил машине «Жигули» үлгүсүндө экени такталды. Каза болгондор «Жигулинин» жүргүнчүлөрү болушкан.

Кырсыктын видеосун бир катар блогерлер жана басылмалар өз баракчасына жайгаштырып, окуянын чоо-жайын жазышты. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG