Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 28-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:50

20-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору маалымдагандай, 20-январда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз -2…+3°;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7°, күндүз -1…+4°;

Таласта түнкүсүн -4…-9°, күндүз -4…+1°;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°;

Нарында түнкүсүн -21…-26°, күндүз -12…-17°;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° градус болот.

20-январда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Борбордо абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -1…+1 градусту түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG