Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Равшан Жээнбеков: Кландык-бандиттик режимден эч нерсе күтпөйм


Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков «Kaktus media» басылмасына маек куруп, абактагы жагдайы, шарты жана өзүнүн кылмыш иши тууралуу суроолорго жооп берди. Ал түрмөнүн администрациясы камераларда олтургандарды эки-үч аптада аралаштырып турарын, натыйжада шериктери алмашып жатканын билдирди.

Өзүнүн камакка алынышы жана тергөө аяктагандан кийин бошотулар-бошотулбасы жөнүндө журналисттин суроосуна саясатчы андан үмүтү жок экенин айтты.

- Жаңы бийлик өлкөдөгү жакырчылык, жумушсуздук, коррупция сыяктуу көйгөйлөрдү чече алган жок, реформа жүргүзүп, экономикалык өсүшкө жетише албады. Анын ордуна алар оппозициялык саясатчыларды, журналисттерди жана активдүү жарандарды сатып алууга, коркутууга жана камоого өтүштү. Кландык режим эми бандиттик режимге айланды. Мен, соңку 20 жылда авторитардык төрт режим менен күрөшкөн, дасыккан саясатчы катары, соттор жана укук коргоо органдары кландык режимден көз каранды экенин жана ошолорго кызмат кыларын жакшы билем. Ошондуктан мен бул кландык-бандиттик режимден керемет нерсе күтпөйм. Айрыкча кийинки окуялардан жана Дастан Бекешевге, Ширин Айтатованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевге жана Болот Темировго жасалган куугунтуктан кийин мындан да жаман жагдайга даяр болуп турам, - деди Равшан Жээнбеков.

Ал камакта олтуруп китептерди көп окуп жатканын жана абактагы турмушу, саясий кырдаалдар тууралуу китеп жазып жатканын кошумчалады. Саясатчынын жоопторун абактан анын уулу Азат Жээнбеков алып чыгып, окуп берди.

Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулганы кабарланды.

Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

26-декабрда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырды. Ал азыр №1 тергөө абагында камалып турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG