Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

Берлиндеги Ливия боюнча жыйынга беш өлкөнүн лидерлери катышат


Ливияда БУУ тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж (солдо) менен өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп көрсөткөн топту жетектеген Халифа Хафтар (оңдо).
Ливияда БУУ тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж (солдо) менен өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп көрсөткөн топту жетектеген Халифа Хафтар (оңдо).

19-январда Берлин шаарында Ливиядагы жаңжалды жөнгө салууга арналган эл аралык жыйын өтөт. Ал Германиянын демилгеси жана БУУнун колдоосу менен чакыртылды.

Жыйындын башкы максаты - аталган өлкөдө узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү. Ага чатакташып жаткан башкы топтордун лидерлери - Ливиянын өкмөтүнүн башчысы катары эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Фаиз Сарраж жана Ливия улуттук армиясы деп аталган күчтүн командачысы Халифа Хафтар катышат.

Берлинге ошондой эле Түркиянын жана Орусиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео келет.

Ливияда 2011-жылы өлкөнү ондогон жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ич ара чыр-чатак тынчыбай келатат. Негизги тирешүү БУУ тааныган Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халифа Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүп жатат.

Фаиз Сарраждын өкмөтүн Түркия колдоп, Ливияга аскерлерин жөнөткөн. Хафтар болсо Египеттин жана Бириккен Араб Эмираттарынын колдоосуна ээ. Халифа Хафтардын тарабында орусиялык жеке менчик аскердик компанияларды жоокерлери да согушуп жатканын бир катар булактар кабарлашууда.

Өткөн аптада тараптардын Москвадагы сүйлөшүүсү жемишсиз аяктаган. Хафтар тынчтык келишимине кол коюудан баш тарткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG