Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 27-февраль, 2020 Бишкек убактысы 14:05

Өзбекстанда жаңы авиакомпания түптөлөт


Өзбекстандын учактары. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Өзбекстанда жаңы түптөлө турган авиакомпания «Humo Air» деп аталмакчы. Бул тууралуу 18-январда Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынын жыйынында өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.

Анын айтымында, жаңы түптөлө турган авиакомпания өлкөнүн ички каттамдарын арзан баада жүргүзүүгө багытталган. Бул долбоорду ал өзү сунуш кылган. Бул компания быйыл жыл аягына чейин ишин баштаары айтылууда.

Мындан сырткары Өзбекстан 19-20-февралда дүйнөлүк деңгээлдеги авиациялык форум өткөрүүгө камынууда. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, ошол иш-чарада жаңы түптөлүп жаткан компаниянын бет ачары болот.

XS
SM
MD
LG