«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдиргендей, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевада өтүүчү адам укуктары боюнча сессиясына Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жетектеп кетти. Ниязалиев 20-январда өлкөдөгү адам укуктары боюнча жасалган иштер боюнча маалымат берет.
Исмаилованын айтымында, жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстандын расмий баяндамасына бир катар сунуштарын беришкен.
- «Эмне жасалды?» деген боюнча жардам бердик. Ошондой эле мурдагы жылы айтылган сунуштардын аткарылышы боюнча сын-пикирлерибизди айттык. Эми кандай отчёт берет, көрөбүз, - деди ал.
Кыргызстандын 2019-жылдагы адам укуктары боюнча отчётунун мазмуну расмий айтыла элек. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин БУУнун мүчөсү катары өзүнө адам укуктарын коргоо багытында бир катар милдеттенмелерди алган. Алардын аткарылышы тууралуу жыл сайын отчёт берилип турат. (TSh)