Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Президент: коррупция менен күрөш - артыкчылыктуу багытыбыз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда коррупция менен күрөш бийликтин артыкчылыктуу багыты болорун айтты. Бул тууралуу ал 20-январда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып билдирди.

- Элет жерин өнүктүрүүнү, өлкөнү санариптештирүүнү, сот-укуктук реформаны ишке ашырууну жана коррупция менен күрөшүүнү артыкчылыктуу багыт бойдон кармайбыз. Аларга кошумча быйыл балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурабыз, - деди Жээнбеков.

Президент былтыр 30-декабрда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн ондогон ишмерлер, белгилүү адамдар мамлекеттик сыйлыктарга татыды.

Бийлик коррупция менен күрөш жүрүп жатканын жана ал уланарын кайталап келет. Бирок коомчулукта бийликтин коррупцияга каршы ишин сынга алып, ага ичи чыкпагандар бар. Былтыр жыл аягында эле жемкорлорго каршы жана сөз эркиндигин колдоо боюнча «REакция» деген аталыш менен эки жолу нааразылык акциясы өттү.

Анда жарандар «Сөз эркиндиги! Бизге факты керек!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реалдуу реформа!» деген ураандарды айтышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG