Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Кыргызстан БУУда адам укуктары боюнча маалымат берди


БУУ. Нью-Йорк шаары.
БУУ. Нью-Йорк шаары.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевада өтүп жаткан адам укуктары боюнча сессиясында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жана башка делегация өкүлдөрү сүйлөштү. Ниязалиев өлкөдөгү адам укуктарын коргоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, жергиликтүү жана жогорку кеңеште аял депутаттарга орун берилгенин, ишкерлерди колдоо боюнча атайын омбудсмен иштеп жатканын белгиледи. Кыргызстандык делегациянын дагы бир мүчөсү, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева өлкөдө аялдардын орду бийик экенин айтып, үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укугун коргоо боюнча улуттук кеңеш түзүлгөнүн маалымдады:

- Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жалпы өлкөдө 27 комитет ачылган, мындай комитеттерди ар бир айыл аймагында ачуу максатыбыз бар. Жалпы өлкөдө 14 кризистик борбор ачылган, быйыл эки мамлекеттик кризистик борбор кошумча ачылат. Ала качуу жана эртелеп нике кыюуга каршы 2017-жылдан тарта атайын программа иштеп жатат.

Кыргызстандан барган делегация мындан тышкары эне-баланы колдоо үчүн жөлөк пул, сүйүнчү пул берилип жатканын, гендерлик маселе, соттук-укуктук реформалар боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу да маалымат берди.

Өкүлдөр сүйлөп бүткөн соң жыйындын төрайымы сөз сүйлөөгө берилген регламент мөөнөтүн сактоону өтүндү.

БУУнун айрым мүчөлөрү Кыргызстан бийлигинен адам укуктарын сактоодо, зомбулукту азайтуу багытында, улуттук жана жыныстык азчылыктардын укуктарын коргоодо алгылыктуу иштерди алып барууга тийиш экенин белгилеп, сунуштарын айтышты.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин БУУнун мүчөсү катары өзүнө адам укуктарын коргоо багытында бир катар милдеттенмелерди алган. Алардын аткарылышы тууралуу жыл сайын отчёт берилип турат.

2020-жыл жаңыргандан берки кыска убакытта Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG