Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 19:10

Иран учактын «кара кутуларын» Украинага берүүнү чече элек


Кырсык болгон жер.

Иран 8-январда атып түшүргөн учактын регистраторун Украинага өткөрүп берүү тууралуу чечиминен баш тартты. Ирандын Жарандык авиация уюмунун авиакырсыктарды иликтөө комиссиясынын жетекчиси Хасан Резаифар 19-январда «украиналык «Боингдин» «кара кутусу» Ирандын колунда, аларды Украинага жөнөтүү планыбыз жок», - деп билдиргенин ИРНА маалымат агенттиги жазды.

Кырсыкта өз жарандарын жоготкон өлкөлөр Ирандан иликтөөнү ачык өткөрүүнү талап кылышууда.

Канада Тегеранды учуш тууралуу маалымат камтылган жабдыкты талдоо максатында Францияга же Украинага өткөрүп берүүгө дагы бир жолу чакырды.

18-январда «Тасним» агенттиги Резаифарга шилтеме берүү менен «кара кутулар» Киевге жөнөтүлгөндөн кийин франциялык, америкалык жана канадалык эксперттер алар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышарын жазган. Резаифар «Ирандын регистраторлорду окуу мүмкүнчүлүгү жок» деп кошумчалаган.

Бирок эртеси ал Тегеран «кара кутулар» менен иштеп жатканын, башка өлкөгө жөнөтүү маселеси чечиле элек экенин айтты.

Ал арада 19-январда кырсыкта курман болгон украиналык 11 жарандын сөөктөрү Киевге жеткирилди. Мамлекеттик тууга оролгон табыттарды президент Владимир Зеленский, премьер-министр Алексей Гончарук жана башка жетекчилер тосуп алышты.

8-январда ирандык аскерлер «Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясынын Тегерандан Киевге учуп чыккан жүргүнчү учагын атып түшүрүшкөн. Борттогу бардык 176 киши мерт болгон. Экипаждын 9 мүчөсү жана эки жүргүнчү украиналыктар болчу.

XS
SM
MD
LG