Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:49

Аба ырайы: 21-январда күн ачык болот


Синоптиктердин маалымдашынча, 21-январда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -23…-28, күндүз -14…-19;
Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндуз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -9…-14 градус төмөн болот.

21-январда Бишкек шаарында кар жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -4…-6° суук, күндүзгү температурасы 1…3° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG