Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 13:18

Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноого каршы коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловго кайрылып, 30-декабрь күнү коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуш кылды. Аталган мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттик органдарга киреше-чыгашасы, жумушчулардын саны жана курамы, айлык акылары жана башка маалыматтарды берүүгө милдеттүү болору айтылган.

Коалиция бул талаптар өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын түйшүгүн көбөйтөт, бул иш менен алектенүүдөн өкмөттүн бюджети зыян тартат деп эсептейт. Мындан тышкары кошумча отчёт талап кылуудан мурда андан өлкөгө келтириле турган пайда-зыянын иликтөө зарыл деген пикирде.

Ошондой эле кайрылуу ээлери өкмөттүк эмес уюмдар коммерциялык уюмдар сыяктуу эле Мамлекеттик салык кызматына, Социалдык фондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт берип турушарын, бул маалыматтар бардык тиешелүү документтерди камтый турганын кошумчалашкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, өкмөттүк эмес уюмдар жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттендирилет. Эгер бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек болот.

Айрым эксперттер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, кийинки убакта жигердүү түрдө коррупцияга каршы чыгып жаткан жарандык коомдун үнүн басууга шарт түзөрүн белгилеп жатышат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG