Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 21-февраль, 2020 Бишкек убактысы 18:14

Кара-Сууда 26 жаштагы тургун асынып алган


Иллюстрациялык сүрөт.

Райондун Отуз-Адыр айылынын тургуну өз үйүндөгү жайкы ашканага асынып алган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, окуя 17-январь күнү катталган.

Маркум жакында эле Орусияда иштеп келген, туугандары аны үйлөнтүүгө кам көрүп жатышкан. Аширбаевдин маалыматына караганда маркумдун жакындары сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөргүсү келген эмес.

Былтыр облус аймагында 19 адам суицидге барган. (DU/ZKo)

XS
SM
MD
LG