Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 21-февраль, 2020 Бишкек убактысы 19:14

Ошто кызын көчөгө таштап кеткен аял кармалды


Кызын көчөгө таштап кеткен аял.

2019-жылдын 29-декабрь күнү Ошто эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган аял милицияга берген алгачкы көрсөтмөсүндө Жаңы жыл майрамы алдында мас болуп уктап калып кызын жоготуп койгонун айткан. Бирок кызын издөөгө аракет кылган эмес.

2019-жылдын 29-декабрында «Тез жардам» кызматы Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан эки жашар кызды таап, милицияга кабарлаган.

Кызын таштап кеткен аял боюнча милиция териштирүү ишин баштады. (MdN)

XS
SM
MD
LG