Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Аманкулов: «Биримдик» партиясынын тизмеси түзүлө элек


Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов «Биримдик» сасий партиясынын төрагасы экенин, партия алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди. Бирок азырынча тизмеси түзүлө элек экенин белгилеп, социалдык тармактардагы маалыматтарды төгүндөдү.

- Жок, тизме түзүлгөнү тууралуу айтылган маалыматтар туура эмес. Азыр талкуулай да элекпиз.

«Биримдик» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, партия 2000-жылдары түзүлгөн. 2010-жылы бул партиянын мүчөлөрү Феликс Кулов жетектеген «Ар-Намыс» партиясына кошулуп парламенттик шайлоого барган. 2014-жылы «Биримдиктин» катарына Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Карганбек Самаков кошулган. Алтыбаева күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын атынан катышуу ниети бар экенин билдирди. Алтыбаева президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, парламент депутаты Асылбек Жээнбеков аталган партия менен шайлоого бараары тууралуу суроого «ал өзү чечет» деп жооп берди.

Социалдык тармактарда бийлик «Биримдик» аттуу партия түзүп, анын тизмесин аныктай баштаганы тууралуу сөздөр болуп жатат. Ошондой эле «Биримдикти» шайлоого президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков баштап барат деген маалыматтар да бар. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бир тууганы Асылбек Жээнбеков шайлоого катышарын «өзү чечет» деп жооп берген. (MiK/TSh)

XS
SM
MD
LG