Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

АКШда 2019-nCoV вирусун жугузган алгачкы адам катталды


Ушул күндөргө карата бул белгисиз вирусту 220 адам жугузуп алганы маалым болду.
Ушул күндөргө карата бул белгисиз вирусту 220 адам жугузуп алганы маалым болду.

Маалыматтарга караганда, ноокас Сиэтлге Кытайдан өткөн жумада учуп келген. Дарыгерлер аны өпкөсүнөн кагынган деп катташкан, тест анын өпкөнү сезгенткен жаңы вирус жугузганын аныктады.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу борбору жакынкы күндөрү мындай адамдар көбөйүшү ыктымал экенин билдирди. Айрым аэропорттордо Кытайдан келген жүргүнчүлөр дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүлө баштады.

Расмий маалыматтар боюнча Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан алты киши көз жумду. Илдетти жугузуп алгандарын көбү - Ухань шаарынын жашоочулары. Бул арада Шанхай, Бээжин шаарларында жана Гуаньдун провинциясында да ооруга чалыккандар аныкталды. Алардын баары Уханга барышкан.

Кытайдан тышкары Таиландда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.

Шаршембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалды талкуулайт. Уюм глобалдык эпидемия коркунучун жарыялашы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG