Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 01:41

Оорукчан кызды сойкулукка мажбурлаган үч аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өспүрүм кызды сойкулукка мажбурлаган үч аял кармалды. Бул тууралуу баш калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматкери Айзата Кубатованын айтымында, Ленин райондук милициясына былтыр ноябрь айында жергиликтүү тургун кайрылып, кимдир-бирөөлөр анын психикалык жактан оорулуу 16 жаштагы бөлөсүн Караколдон күчкө салып алып кетишкенин айткан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кызды Бишкекте сойкуканалардын биринде кармап турушканы аныкталды. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

32 жана 27 жаштагы үч аял кармалды. Алар азыр Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Жыл сайын Кыргызстандын 60 миңдей жараны өз өлкөсүндө же чет жакта кулчулукка кабылуу коркунучуна туш болот. Бул тууралуу жакында Бишкекте киши сатууга каршы жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын (UNODC) өкүлдөрү билдиришкен. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG