Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:09

Зулушев: 10 миң сом маяна алган мамкызматкерлер 20 миң долларлык машине минип жүрөт


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мамлекеттик кызматкерлерди декларация тапшыртуу өнөктүгү майнапсыз болуп жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал 22-январда парламентте «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү долбоору талкууланып жатканда айтты:

- Декларация тапшыруу 2002-жылы башталган. Ушул мамлекетке пайда береби же кагаздын шорубу? Же кайсы бир мамлекетти туурообу, жөн эле мода үчүн? Мамлекетке пайда береби? Коррупцияны чындап ооздуктайбы? Ушунча жылдан бери 10 миң маяна алган мамлекеттик кызматкер 20 миң долларлык машине минип жүрөт. Ким жоопко тартылды?

Депутаттын суроосуна экономика министринин орун басары Дастан Кадыров жооп берип:

- Коррупцияны ооздуктайт. Себеби биз бардык кирешени көрүп турабыз, - деди.

Декларациялоонун мөөнөтүн узартуу жана декларация тапшырууну айрым категориядагы жактар үчүн этап-этабы менен киргизүү сунушу камтылган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Кыргыз өкмөтү келечекте 300 миң сомдон ашык акчага бир нерсе сатып алган, чыгаша болгондордун баарына декларация тапшыртууну сунуш кылып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG