Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Саясий жана мамлекеттик кызматтагы 157 адам декларациясын тапшырган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда саясий мамлекеттик кызматты ээлеп турган 150дөн ашуун адам кирешеси жөнүндө декларациясын тапшырбай жүрөт. Бул тууралуу 22-январда Жогорку Кеңеште Салык кодекси боюнча маселе талкууланып жатканда Салык кызматынын төрага орун басары Искендер Асылкулов билдирди:

- Саясий, атайын мамлекеттик жана административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган 157 адам декларациясын тапшырган жок.

Асылкуловдун белгилешинче, декларация тапшыра электердин жалпы саны 5106 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер. Алардын басымдуу көпчүлүгүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана мурда иштеп, кийин окууга сыртка чыгып кеткендер түзөт.

Кирешеси тууралуу мамлекетке маалымат бербей жүргөндөр боюнча материалдар прокуратура органдарына тапшырылып берилгени айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG