Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

ИИМ: Ири суммада акча доолаган «милиционер» кармалды


Кармалган адам.
Кармалган адам.

Бишкекте өзүн милиционер катары тааныштырып, ири өлчөмдө акча доолап жүргөн деген шек менен бир адам кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ал бир келинди жыныстык мүнөздө коркутуп-үркүтүп, 60 миң сом талап кылган.

21-январда милиция ыкчам операция жүргүзүп, аны Бишкектеги кафелердин биринде 35 миң сом акча алып жаткан учурда колго түшүргөн. Тинтүү учурунда чөнтөгүнөн «Коомдук көзөмөл» коомдук бирикмесинин күбөлүгү табылган.

Ички иштер органы бул адам ушундай эле жол менен башкаларды да опузалап жүргөн болушу ыктымал деп шектенүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG