Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:47

300 миң сомдон кымбат буюм сатып алгандарды декларация тапшыртуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 300 миң сомдон жогору суммага мүлк же башка нерсе сатып алган адамдардын баарын декларация тапшыртуу сунушталып жатат. Салык кодексине ушундай өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 22-январда Жогорку Кеңеште талкууланып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров мындай чара кирешенин тазалыгын текшерүүгө жардам берет деп эсептейт.

- 2021-жылдан баштап эгер 300 миң сомдон ашык чыгым кылса ошол адам декларация тапшырышы керек деп жатабыз. Эгер кымбат буюм же башка нерсе сатып алса - тапшырат. Акчаны каяктан тапканын текшеребиз, - деди ал.

Депутаттар талкуулаган мыйзам долбоорунда «2021-жылдан баштап декларация берүү тууралуу талап эсептик көрсөткүчтүн 3000 эсе көп суммада менчик укугун же мүлккө болгон башка укукту сатып алуу боюнча бир жолку чыгым тарткан жеке жактарга тиешелүү» деп жазылган.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендер, ишкерлер, мүлкү барлар жыл сайын салык декларациясын тапшырып турууга милдеттүү.

Мамлекетик салык кызматынын маалыматына караганда, учурда саясий мамлекеттик кызматты ээлеген 150дөн ашуун адам кирешеси жөнүндө декларациясын тапшырбай жүрөт. Декларация тапшыра элек мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жалпы саны 5106 киши. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (23)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG