23-январда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн кар жаайт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;
Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -11…-16 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 1...3 градус болот.