Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Түркия чет өлкөлүк мугалимдердин билим деңгээлин текшерет


Стамбул. Иллюстрациялык сүрөт.
Стамбул. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркия чет өлкөлүк мугалимдерге чектөө киргизди. Бул тууралуу Түркиянын жогорку окуу жайлар боюнча мекемесинин жетекчиси Йекта Сарач билдирди.

Анын айтымында, 20-январдан баштап Түркиянын жогорку окуу жайларында иштеп жаткан чет өлкөлүк мугалимдердин академиялык деңгээли текшериле баштайт.

Мекеме кабыл алган жаңы талаптарга ылайык, ар бир чет өлкөлүк мугалим өзү иштеген тармакта академиялык деңгээлин тастыкташы керек.

Түркияда учурда 2864 чет өлкөлүк мугалим иштейт. Алардын 45и кыргызстандыктар.

Кыргызстандык мугалимдердин дээрлиги котормочулук, инженерия жана искусство факультеттеринде иштешет. (ElB)

XS
SM
MD
LG