Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Бешимов: АКШ кыргыз жарандарына чектөө киргизсе, Кыргызстан аброй жоготкон болот


Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

Кыргызстанды АКШга кирүүгө чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн катарына кошуу демилгеси абройдун жоголушунун көрсөткүчү. Мындай пикирин “Азаттык” радиосуна тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов билдирди.

Дипломаттын белгилешинче, Кошмо Штаттардын мындай кадамы бул өлкөгө барууну көздөгөн жана ошол жакта жашаган кыргыз жарандарына терс таасирин тийгизет:

- Биринчи кезекте - бул аброй жоготуу. Себеби, тизмени карасаңыз, кимдин катарына кошулганыбыз. Экинчиден, биздин жарандар үчүн да кыйынчылык туулат. АКШда биздин көптөгөн мекендештерибиз эмгектенип жүрөт. Аларга да таасири тиет.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын бул өлкөгө кирүүсүн чектеген мыйзам долбоорун даярдап жатканы 21-январда белгилүү болду. Алар - Беларус, Мьянма, Нигерия, Судан, Эритрея жана Танзания.

Ак үйдүн өкүлү Хоган Гидлинин айтымында, мыйзам АКШны “террордук чабуулдардан коргоо” максатында кабыл алынганы жатат.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишим даярдалып жатканы бир жылдан бери айтылууда, бирок кол коюла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG