Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Сирияда аба соккусунан ондогон адам мерт болду


Идлибдин жүз миңдеген тургуну качууга аргасыз болду
Идлибдин жүз миңдеген тургуну качууга аргасыз болду

Сирияда Орусия баштаган күчтөрдүн аба соккусунан бери дегенде 40 адам ажал тапты. Бул тууралуу "Reuters" маалымат агенттиги куткаруучуларга жана бул окуяга күбө болгондорго шилтеме кылып жазды. Өлкөнүн түндүк-батышында чабуулдан кооптонуп, 350 миңдей адам үй-жайын таштай качкан.

Өткөн айдын ортосунда Сирияда президент Башар Асаддын армиясы Идлибге сокку урууну жанданткан. Бул Ефрат дарыясынын чыгышын көздөй кеткен, сириялык оппозиция көзөмөлдөгөн акыркы аймак болчу. Өкмөтчүл күчтөр Маарат-ал-Нуман шаарын алууну көздөп жатат жана Асаддын армиясы ага жетерине беш гана чакырым калганы айтылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Сирия бийлигин жана анын өнөктөштөрү - Орусия менен Иранды чабуулду токтотууга чакырган. Ал "Твиттердеги" баракчасына "Орусия, Сирия жана Иран Идлиб провинциясындагы миңдеген адамдын канын төккөнү турат. Ага барбагыла! Түркия бул согушту токтотууга баарынан көп аракет кылып жатат", - деп жазган.

Москва менен Анкаранын ортосундагы макулдашууга ылайык, Идлибде ок атылбашы керек болчу. Эки тарап тең чабуулга оппозицияны күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG