Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 26-февраль, 2020 Бишкек убактысы 07:05

Президент Жээнбеков: Балдарды натыйжалуу коргош керек


Сооронбай Жээнбеков жана Улукбек Кочкоров.

Мамлекет башчы 22-январда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алып, балдарды социалдык жактан коргоого багытталган иштердин жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Президент Жээнбеков социалдык жактан коргоого алынбаган, татаал турмуштук жагдайга кабылган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоонун жаңы механизмдерин жана ыкмаларын иштеп чыгуунун зарылдыгын эске салды. Ал ошондой эле көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын арттыруунун жана балдарды асыроонун максималдуу ачыктыгын камсыз кылуунун маанисин белгиледи.

Министр Улукбек Кочкоров калкты жана эмгек тармагын социалдык коргоо системасын санариптештирүү, балдарды, анын ичинде коомдун социалдык аяр катмарларын колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына караганда, министрликте иштеп жаткан эки автоматташтырылган база — «Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы» (СЖКМС) жана «Эмгек рыногунун маалыматтык системасы» (ЭРМС) жөлөк пулдарды чектөөдө механикалык каталардын кетишин жокко чыгарып, коррупциялык коркунучтарды азайтып, эки жолу төлөм жүргүзүү мүмкүндүгүн жоюуга өбөлгө болуп жатат. Ушундан улам социалдык жардамды төлөөгө дарексиз жиберилип жаткан 1 млрд. сом бюджеттик каражатты үнөмдөп, жөлөк пул алуучу балдардын санын 60 миңге көбөйтүүгө жана майыптарга көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жана өлчөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралган.

Министр санариптештирүүнүн натыйжасында бала туулганда берилүүчү «Сүйүнчү пул» эки иш күнүндө төлөнүп берилип жатканын да белгиледи.

Президенттин жыл жаңырар алдындагы жарлыгы менен 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG