Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 26-февраль, 2020 Бишкек убактысы 07:16

Депутат Момбеков: Баткендин жашоосу галстуктан оңолсо бюджеттен сатып берели (видео)


Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаровдун галстук тууралуу талабын сындап чыкты.

23-январда парламенттин жалпы жыйынында Момбеков өкмөт өкүлдөрүнүн соңку билдирүүлөрү нааразылык жаратып жатканын белгилеп, эгер Баткендин жашоосу галстуктан оңолсо бюджеттик акчага галстук сатып берүү керек деген сунушун айтты:

- Бир вице-премьер элеттеги элдин жашоосун эшектин азайганына теңеди. Дагы бир вице-премьер чек арадан чыдабай чыгып кеткен адамдарды «чыккынчы» деди. Дагы бир өкмөттүн өкүлү «галстугуңар жок» деп мугалимдерди зекиди. Баткендеги адамдардын жашоосу галстук менен оңоло турган болсо анда бюджеттен карап галстук сатып берели. Элдин кыжырына өкмөт өзү тийип жатат. Башка эрмеги жокпу?

Акрам Мадумаров 22-январда Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун окутуучулары менен жолуккан. Алар окуу процессин мезгилдин талабына ылайык кылыш үчүн каражат жетишсиз болуп жатканын айтса: «Адам биринчи өзүнөн башташы керек. Бирөөңдө да галстук жок. Жүрүшүңөрдү карагылачы!» деп сындаган.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 14-январда айыл жеринде эшек, ат мингендер азайып, автоунаа айдагандар көбөйгөнүн айткан.

Вице-премьер Жеңиш Разаков чек ара маселеси талкууланган жыйындардын биринде «чек арадан үйүңдү сатып кеткениң - бул чыккынчылык» деп айтыш керек экенин билдирген.

Өкмөт өкүлдөрүнүн бул билдирүүлөрү учурда социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жатат.

Депутат Момбековдун билдирүүсүнө жыйынга катышкан өкмөт өкүлү Алмасбек Абытов комментарий берген жок. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (12)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG