Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Кумтөр кенинде ишти улантууга уруксат берилди


Кумтөр.
Кумтөр.

«Кумтөр Голд» компаниясы тоо-өндүрүш иштерин улантууга уруксат алды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ишкананын кесиптик кошуунунун төрагасы Калысбек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, ишкана 2020-жылга Кумтөр кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты:

- Келе турган жуманын башында жумуш толугу менен жүрөт буюрса. Азыр 600гө жакын киши жумушка убактылуу чыкпай турат. Карьер такыр токтоп калбашы үчүн минимум иштер жүрүүдө. Эми мурунку күчүндө иштей баштайт деп ишенебиз.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Аларды издөө 9-январда токтотулду.

Ушул окуяга жана иштөөгө уруксат жоктугуна байланыштуу быйыл 3-январда кен чыгуучу жерде иш расмий түрдө убактылуу токтотулган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG