Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Иерусалимде Освенцимдин курмандыктары эскерилүүдө


Эскерүү иш-чарасына чогулган лидерлер. Иерусалим, 22-январь, 2020-жыл.
Эскерүү иш-чарасына чогулган лидерлер. Иерусалим, 22-январь, 2020-жыл.

Освенцим концлагери бошотулганынын 75 жылдыгын эскериш үчүн Иерусалимге ондогон өлкөлөрдүн жетекчилери чогулушту. Иерусалимдеги мемориалдык комплекстеги иш-чарага Орусиянын, Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Австриянын президенттери, Британ ханзадасы, АКШнын вице-президенти жана башка жогорку жетекчилер катышууда.

Холокосттун курмандыктарын эскерүү менен катар лидерлер бүгүнкү күндөгү антисемитизмге каршы туруу маселесине да кайрылышмакчы.

Польшанын президенти Анджей Дуда ага иш-чарада сөз берилбей турганына нааразы болуп, Иерусалимге баруудан баш тартты. Уюштуруучулар Экинчи дүйнөлүк согуштагы өнөктөштөр менен Германиянын өкүлүнө гана кайырылуу мүмкүнчүлүгү берилгенин айтышууда.

Варшава ошондой эле орус президенти Владимир Путиндин өткөн айдагы комментарийне нааразылыгын билдирген. Путин Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына кайрылып, Польшаны «Чехословакияны бөлгөндө Германия менен кызматташкан» деп айыптаган.

Нацисттер Польшаны оккупациялап турган кезде Освенцим-Биркенау лагеринде 1 миллион киши кырылган, алардын көпчүлүк бөлүгү жөөттөр болгон. Бардыгы болуп Холокост 6 миллион жөөттүн өмүрүн алып кеткен.

XS
SM
MD
LG