Орусияда жол кырсыгынан каза болгон үч кыргызстандыктын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, каргашалуу окуя 22-январдын кечинде Челябинск-Троицк федералдык автожолунун 117-чакырымында болгон.
Маркумдардын сөөгү Челябинск шаарындагы өлүкканада. Биринин туугандары ошол жерде, калгандарынын жакындарын издөө иши жүрүп жатат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келген.
«Жүк-200» көбүнчө Орусиядан (231) келди.
Казакстандан 22, Өзбекстандан 15, Түркиядан 18, Индиядан тогуз «Жүк-200» келген. (RK)