Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Трамп менен Салих АКШ аскерлери Иракта кала бериши керек деп макулдашты


Трамп жана Салих. Давос, 22-январь 2020-жыл
Трамп жана Салих. Давос, 22-январь 2020-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп Ирактын мамлекет башчысы Бархам Салих менен жолугушууда америкалык аскерлер Жакынкы Чыгыштагы ал өлкөдө кала берүүгө тийиш деген орток пикирге келишти. Швейцариянын Давос шаарында өткөн кездешүү тууралуу Ак үй билдирди.

«Лидерлер АКШ-Ирак экономикалык жана коопсуздук кызматташтыгынын, «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы күрөштүн маанилүүлүгүнө токтолушту», - деп айтылат билдирүүдө.

Президенттер ирандык жогорку генерал Касем Сулеймани Багдаддын четинде өлтүрүлгөндөн бери биринчи жолу жолугушту. Америкалык дрондон урулган ал соккуга Ирактагы көптөгөн саясатчылар нааразы болуп, парламент АКШ аскерлерин чыгарууга чакырган. Сүйлөшүү алдында Салих Вашингтон менен Багдаддын узак байланыштарын, жихадчыларга каршы согушта өнөктөштөр болгонун белгиледи.

Ирак президенти Трампка "миссия аягына чыгууга тийиш, экөөбүз тең Ирактын суверендүү жана стабилдүү, бейпил болушун көздөйбүз деп ишенем", - деп айтты.

XS
SM
MD
LG