Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Көркөм өнөр музейиндеги чыгармаларды эми Интернеттен көрсө болот


Гапар Айтиев атындагы музей.
Гапар Айтиев атындагы музей.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейиндеги миңдеген чыгармаларды эми Интернеттен көрүүгө болот. Бүгүн музей жаңы көркөм онлайн-галереясынын бет ачарын өткөрүп жатат.

Долбоорду ишке ашырууга «Сорос-Кыргызстан» фонду жардам кылды.

4000ден ашуун живопись жана 1000ге чукул скульптура эмгектерин Маданият жана искусство боюнча Борбор Азия түйүнү санарипке өткөрүп берди.

Адистер соңку жылдары музейге көрүүчү келбей калганын, элдин баары заманбап гаджет көтөрүп жүргөнүн, андыктан санарип форматы искусство чыгармаларын жайылтууга көмөк болорун айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG