Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Помпео 1-февралда Минскиге барышы мүмкүн


Майк Помпео.
Майк Помпео.

Беларустун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 1-февралда Минскиге барарын билдирди. Дипломатиялык дагы бир булактар «Эркин Европа/ Азаттык» радиосунун беларус кызматына маалымдашкандай, Вашингтондун жогорку өкүлү Минскиде аймактык турненин алкагында болот, андан тышкары Украинага, Казакстанга жана Өзбекстанга бармакчы. АКШнын Мамлекеттик департаменти болочок сапардын планына комментарий берүүдөн баш тартты. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу Помпео январдын башында Киевге, Минскиге, Нур-Султанга жана Ташкентке багытталган иш сапарынан баш тарткан.

Мамкатчы Вашингтон менен Минскинин дипломатиялык алакалары солгундап кеткенден бери Беларуска барган биринчи жогорку даражалуу жетекчи болмокчу.

Бир нече күн мурун айрым маалымат катаражаттары Ак үйдөгү өз булактарына таянып, Кыргызстан менен Беларустун жарандарына Кошмо Штаттарга барууга чектөө киргизилиши мүмкүн экенин жазышкан.

XS
SM
MD
LG