Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Ухандын тургундарына шаардан чыгууга тыюу салынды


Ухандагы оорукана. 22-январь, 2020-жыл.
Ухандагы оорукана. 22-январь, 2020-жыл.

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы коронавирус биринчи катталган Ухань шаарынын тургундарына сыртка чыкпоо жөнүндө көрсөтмө берилди. 9 миллион киши жашаган бул калаада коомдук транспорт токтоду. Бийлик темир жол вокзалы менен аэропортту жапты, туристтерди Уханга барбоого чакырып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бээжиндин илдетке каршы чараларына жогорку баа берди. Бирок вируска байланыштуу өзгөчө абал жарыялаган жок.

Жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 20га чамалады, аны жугузгандардын саны 450 кишиден ашты.

Вирусту жугузуп алгандар АКШда, Жапонияда, Түштүк Кореяда жана Таиландда да катталды.

Алгачкы маалыматтарга караганда, илдет шаардагы балыктын, канаттуулардын жана жылан, коён өңдүү жан-жаныбарлардын эти сатылган базардан тараган. Ушундан улам Уханда эт сатууга да убактылуу тыюу салынды. Кытай менен чек аралаш Борбор Азия мамлекеттери да чара көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG