Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:23

Ошто кыз ала качуу үчүн үч киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-январь күнү Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин алдынан 21 жаштагы кызды машинеге күчтөп салып кеткени тууралуу маалымат шаардык милицияга түшкөн. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кызды мажбурлап никеге тургузуу максатында ала качып кетишкени аныкталган.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кыз ала качууга шектүү катары, Чоң-Алай районунун үч тургуну кармалды. Аларга карата Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Кыз Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде студент, ал эми аны ала качкандар кыздын айылдаштары экени аныкталды. Шектүүлөр 23-январь күнү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыштардын бири. Мажбурлап никеге тургузуш үчүн адам уурдагандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Жакында эле Кыргызстандын өкүлдөрү БУУда адам укуктарын коргоо жаатындагы баяндамасында белгиленгендей, 2015-2018-жылы өлкөдө ала качуу фактысы боюнча 165 кылмыш иши козголсо, анын 132си сотко жөнөтүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG