Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:18

Батукаевдин бошотулушу боюнча сотто алгачкы күбө көрсөтмө берди


Биринчи Май райондук соту. Иллюстрациялык сүрөт.
Биринчи Май райондук соту. Иллюстрациялык сүрөт.

23-январь күнү кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иште биринчи күбө көрсөтмө берди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, сот бүгүнкү жараянда Улуттук гематология борборунун дарыгери Елена Гавриленкону сурады.

- Ал Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгышын иликтеген депутаттык комиссияда медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүш үчүн катышканын айтты. Дарыгер көрсөтмөсүндө «Улуттук гематология борборунда Абдухалим Раимжановдун сейфинде Батукаевдин баш сөөгү тартылган үлгүлөр бар экен. Ошону иликтегем. Жыйынтыгында ал см (рак) менен ооруй турганы аныкталган» деп жатат. Биз: «Ошол үлгүлөр 100% Батукаевдики деп айта аласызбы?» деп сурасак: «Айта албайм. Анткени мен анализ алган эмесмин», - деп жооп берди. «Эми ал үлгү чын эле Батукаевдикиби же башка адамдыкы болгонбу, кантип аныкташ керек?» деп сурасак: «Ал үчүн Батукаевден кайрадан анализ алыш керек» деп жатат, - деди Жоошев.

Мурунку жараянда Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары соттон Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду жана Жаныш Бакиевди алып келүүнү өтүнүшкөн. Адвокаттар аталган адамдардын аттары иш боюнча көрсөтмө берген Шамил Атахановдун көрсөтмөсүндө аталганын белгилешкен. Бирок судья Эмил Кайыпов адвокаттардын өтүнүчүн четке каккан.

23-январдагы соттук отурум бир күбөнү суроо менен жыйынтыкталды. Кийинки жараян 28-январга белгиленди.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иш былтыр 15-октябрында башталган.

Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Сөз болуп жаткан иш боюнча мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG