Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

WADA Москвадагы лабораториянын лицензиясын токтотту


Москвадагы лаборатория. Архивдик сүрөт.
Москвадагы лаборатория. Архивдик сүрөт.

Допингге каршы эл аралык уюм - WADA Москвадагы лабораториянын лицензиясын убактылуу токтотту. Агенттиктин сайтында жарык көргөн маалыматта бул чара дисциплинардык териштирүү аяктагыча күчүндө калары белгиленет. Ага чейин допингге каршы лабораторияга «Спортчулардын биологиялык паспорту» деген программанын алкагында кан анализдерине байланышкан иштерди аткарууга тыюу салынат.

Орусиянын кызытмага каршы улуттук агенттигинин башчысы Юрий Ганус жаңы чечим спортчуларга таасир этпей турганын, себеби алар башка шаарлардын лабораториялары менен иштешерин айтты.

Буга чейин дүйнөлүк агенттик Орусияны төрт жылга эл аралык ири мелдештерден четтетүүнү чечкен. Мындай чара Москвадагы допингге каршы лабораториядагы анализдер бурмаланганы белгилүү болгондон кийин көрүлгөн.

XS
SM
MD
LG