Батукаевдин иши боюнча алгачкы күбө суралды
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иште күбөлөр көрсөтмө бере баштады. 23-январдагы жараянда алгачкылардан болуп Улуттук гематология борборунун дарыгери суралды. Ушул эле процессте бул иште коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаевага, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго айыбы угузулду. Алар коюлган күнөөгө макул эместигин айтып жатышат.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"