Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

Бишкекте жарандык активисттер өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты


Акциянын постери.
Акциянын постери.

«Валить нельзя остаться! (Качпаса/кетпесе болбойт! - ред.) Реакциялар өлкөсү» деген иш-чара Бишкектеги Ололо-Хауста болду. Анда Мира Жангарачева, Нурбек Токтакунов, Шамил Ибрагимов жана Данияр Аманалиев өлкөнүн келечеги тууралуу ой бөлүштү.

Уюштуруучулардын бири Улан Үсөйүн учурда өлкөнүн келечегине ишенбей, Кыргызстандан кетүүнү каалаган жаштар көбөйүп баратканын белгилеп, шыктуу, жигердүү жана өзгөчө ой жүгүрткөндөр көбүрөөк жашашы үчүн ал идеалдуу Кыргызстанды куруу жөнүндө ой-толгоолор айтылганын «Азаттыкка» билдирди:

- «Келгиле, келечек жөнүндө кыялданабыз. Идеалдуу Кыргызстан кандай болушу керек» деп, ага жооп издөөгө аракет кылдык. Кеткиси келгендердин өз каалоосу. Бирок биз «Кыргызстандын келечеги кең, аны өзүбүз гана кура алабыз жана өзүбүз гана жакшы жакка умтула алабыз» деп айтып жатабыз.

Расмий маалыматтар боюнча, чет мамлекеттерде иштеп жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 1,5 млн чукул. Анын ичинен 1 миллион 200 миң кыргызстандык Орусияда, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган. Акыркы жылдары алыскы чет өлкөлөргө - Түштүк Кореяга, АКШга жана Европа өлкөлөрүнө миграцияга кеткен кыргыздар көбөйүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG