Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 22:01

Елизавета II Брекзит тууралуу мыйзам долбоорун жактырды


Каныша Елизавета II.

Улуу Британиянын канышасы Елизавета II Брекзит тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Эми документ күчүнө кирди. Британия Евробиримдиктин курамынан 31-январь күнү чыгат.

Брекзит мыйзамы өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон менен Еврбиримдик лидерлеринин макулдашуусуна негизделген. Макулдашууну Европарламент 29-январда карайт. Биримдиктин басымдуу мүчөлөрү Брекзитти колдобосо да, ага бут тоскусу келбегенин айтышкан.

Британия Евробиримдиктен Брекзит тууралуу референдум өткөндөн үч жылдан кийин кетүүдө. Референдумда добуш бергендердин көпчүлүгү Евробиримдиктин курамынан чыгууну тандашкан. Брекзиттин мөөнөтү парламент макулдашууну колдоодон баш тартканына байланыштуу үч жолу жылдырылган.

Өткөн жылы премьер-министр болуп келген Борис Жонсон макулдашуунун жаңы редакциясын сунуш кылып, андан кийин парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө жетишкен. Натыйжада палатадагы көпчүлүктү түзгөн консерваторлор мыйзам долбоорун колдоп беришкен.

Британия Евробиримдиктин чыккандан кийин, 11 айлык өткөөл мөөнөт башталат. Бул аралыкта жаңы соода макулдашуусу түзүлүүгө тийиш.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG