«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.
24-январдагы жыйында Коопсуздук кеңешинин буга чейин болгон үч отурумунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана Кыргызстандагы стратегиялык объектилердин тизмесине сунуштар каралат.
Президент Сооронбай Жээнбеков жыйынды ачып жатып буга чейин каралган маселелерди тизмектеди:
- 2018-жылдын 8-февралында болгон биринчи Коопсуздук кеңеште сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү маселесин караганбыз. Азыр бул чечимдин алкагында коррупцияга каршы күрөштүн бир катар жакшы жыйынтыктарына жеттик. Бирок иш дагы деле жетишсиз болуп жатат деп эсептейм. Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы чечими менен «Санарип Кыргызстан 2019-2023» концепциясы бекитилген. 2019-жылдын 14-январдагы чечими жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жана тоо кен казуу секторундагы көйгөлөрдү чечүүгө багытталган, - деди Жээнбеков.
Коопсуздук кенешинин жыйынына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү катышууда. (BTo)