Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 26-февраль, 2020 Бишкек убактысы 06:24

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөшө албагандар кызматтан кеткиле (видео)


Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков коомчулукта коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматына, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жана Мамлекеттик каттоо кызматына сын-доомат көп экенин билдирди.

Ал мындан башка да мекемелерге ишкер чөйрө нааразы экенин айтты.

Президент айрым органдарда коррупцияга каршы күрөштө жылыш бар экенин кошумчалады жана жемкорлукка каршы күрөштү жарандык коом, эл колдоп жаткандыктан аны жоюуга жакшы шарт түзүлгөнүн билдирди.

- «Реформа кылып жатабыз» деп айтып жатасыңар. Аны айтыш оңой, бирок ишке ашырыш, сөз менен ишти айкалыштыруу кыйын. Муну ыйманы бар, эрки жана ыйманы бар, баласынын, өлкөнүн келечегин ойлогон гана жетекчи кыла алат. Укук коргоо органдарынын жетекчилери, өзүңөрдүн ичиңердеги коррупция менен күрөшүүгө көңүл кош мамиле кылып жатасыңар. Коррупция менен күрөшүш үчүн биринчи укук коргоо органдары тазаланышы керек. Министр, губернатор, акимдер өзүлөрү таза болмоюнча муну ишке ашырыш кыйын. Ошондуктан колуңардан келбесе, арыз жазып кеткиле да. Колунан келген адамга орун бошоткула.

Коопсуздук кенешинин жыйынына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү катышууда. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (31)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG