Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:53

Өзгөндө бала сатуу үчүн шектүү катары эки аял кармалды


21-январь күнү Өзгөн шаарынын 23 жаштагы тургуну жана ага бала сатууга көмөктөшкөн, мурда сот жообуна тартылган Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну ымыркайды 5000 АКШ долларына баалып, соодалашып жаткан учурда кармалган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Малыматка ылайык, милицияга 20-январь күнү Өзгөн районундагы төрөт үйүндө аял өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын сатууну көздөп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кармалган эки аял Жазык кодексинин 171-беренесинин («Кишилерди соода кылуу») 2-3-бөлүмдөрү менен шек саналып Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралып, ымыркайдын энеси соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылып, ортомчу болгон аял эки айга камакта калды. (MdN)

XS
SM
MD
LG