Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Премьер-министр өкмөт мүчөлөрүнүн шалаакылыгын моюнга алды (видео)

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин буга чейин болгон үч жыйынында кабыл алынган чечимдер өкмөт мүчөлөрүнүн шалаакылыгынан улам толук аткарылбай калды деп эсептейт. Ал 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып мамлекеттик кызматкерлерде аткаруучулук тартип жок экенин айтты. Премьер-министрдин жыйында өкмөт санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңештин чечимдеринин 85% аткарылганын, ал эми тоо-кен тармагы боюнча 50% ашыгы аткарылганын билдирди: 

- Министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн аткаруучулук тартибинде маселе бар. Жасалбай калган иштердин көбү өзүбүздүн шалаакылыгыбыз жана көңүл кош мамилебиз болуп жатат. 22-январда жыйын кылып, 49 адамга чара көрүү жөнүндө чечим кабыл алдык. 

Коопсуздук кенешинин жыйынына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү катышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG