Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Режиссёр кыз-келиндердин кезектеги форумуна даярдык башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын кыз-келин режиссёрлорунун кезектеги кинофорумуна эмгектерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна форумду уюштуруп жаткан «Азиянын чыгармачыл айымдары» коомдук фондунун жетекчиси, режиссер Асел Жураева билдирди:

- Азыр финансылык колдоо да издеп жатабыз. Буюрса апрель айында өткөрөлү деп чечтик. Максат – биздин режиссёр айымдарды тааныштыруу жана алардын фильмдерин чоң экрандан көрсөтүү, чет мамлекеттердин фестивалдарына чыгаруунун жолдорун, темаларын, көйгөйлөрүн талкуулоо.

Кинофорум быйыл 4-жыл өткөрүлгөнү жатат. Алгачкысы 2016-жылы декабрь айында уюштурулуп, ага кыска метраждуу 15 тасма катышкан.

Быйылкы форумдун алкагында биринчи күнү талкуу болот, эртеси тасмалар көрсөтүлөт.

Кыска метраждуу даректүү жана көркөм фильмдердин арасынан 15ке жакыны тандалып алынып, көрсөтүлөт.

Соңунда эң мыкты фильмге техникалык колдоо тууралуу сертификат тапшырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG