Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 18-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:07

Баткен жана Ош облустарында жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 24-январда саат 13:09да Тажикстанда болгон жер титирөө Кыргызстандын айрым аймактарында да сезилди.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен облусунун Баткен шаарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG