Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Кытайда жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 26 адамга жетти


Ухань шаары, 22-январь, 2020-жыл.
Ухань шаары, 22-январь, 2020-жыл.

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 26 адамга жетти. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү илдетти жуктуруп алган 830 адамдын 177синин абалы оор экенин билдиришти. Белгисиз вирустун жайылышын көзөмөлгө алуу үчүн баш-аягы 41 миллион адам жашаган 13 шаарга карантин киргизилип, коомдук транспорттун каттамдарына чектөө коюлду.

Бул вируска кабылгандар Жапонияда, Филиппинде, АКШда, Түштүк Кореяда, Таиландда жана Сауд Арабиясында да катталды. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азырынча эл аралык деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыялоого эрте экенин, вакцина иштеп чыгуу аракети уланып жатканын маалымдады.

Кытайдагы мындай кырдаалга байланыштуу Кыргызстан бул өлкөдөн эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөө киргизди.

XS
SM
MD
LG