Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Борис Жонсон Брекзит жөнүндө макулдашууга кол койду


Лондондо 24-январда премьер-министр Борис Жонсон Евробиримдиктен чыгуу боюнча 10 келишимге кол койду. Ал Европа Биримдигинен чыгууга жол ачкан бул окуяны “фантастикалык учур” деп атады.

Жонсон узак жылдарга созулган талаш-тартыш токтойт деп үмүт кылып жатканын билдирди. Буга чейин Евробиримдиктин лидерлери Брекзит жөнүндө документке кол коюп, поезд менен Лондонго жөнөткөн.

Макулдашууга кол коюлгандан кийин эми ал ратификациядан өтөт. Буга чейин британ парламенти келишимдин текстин колдоп беришкен. 29-январда Европарламент Брекзит жөнүндө макулдашуу боюнча добуш беришет.

XS
SM
MD
LG