Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Кыргызстанда арактын баасы кымбаттайт


Өкмөт Кыргызстанда өндүрүлгөн арактын төмөнкү баасынын жаңы чегин бекитти. Ага ылайык, арактын дүңүнөн жана чекене баасы 22 сомго жогорулады. Бул тууралуу салык кызматы кабарлады.

Мисалы, 0,5 литр даяр арактын баасы дүңүнөн 2020-жылы 103 сом, (буга чейин 81 сом болчу), 2021-жылы 114 сом, 2022-жылы 125 сом жана 2023-жылы 136 сом болот. Ал эми 0,5 литр даяр арактын чекене баасы 2020-жылы 112 сом (буга чейин 90 сом болчу), 2021-жылы 123 сом, 2022-жылы 134 сом, 2023-жылы 145 сом болуп көтөрүлөт.

Өкмөттүн аракка байланыштуу токтому 7-январда чыккан. Токтом 15 күндөн кийин күчүнө кирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG